ЖЕЗ КЕНТАШТАРЫ
ЖЕЗ КЕНТАШТАРЫ – курамында казып ж-а бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө жез металлы бар табигый минералдардын ж-а тоо тектердин чогундусу. Жез жаратылышта 170ке жакын минералда кездешет, алардын 17си (таза жез, борнит, халькопирит, халькозин, ковеллин, куприт, малахит, азурит ж. б.) өндүрүштүк мааниге ээ. Жез кенташтары түрдүү геологиялык шарттарда (магма, карбонат, скарн, гидротерм, колчедан, стратиформдук) пайда болуп, ар кандай мезгилдеги тоо тектерде жолугат. Жез кенташтарынын курамында жез минералдарынан башка пирит, пирротин, цинк, коргошун, никель, кобальт, молибден, сурьма ж. б. болот. Жез кенташтары текстуралык түзүлүшү боюнча м а с с и в д ү ү (жездин өлчөмү 3%тен ашык) ж-а т а р а м ч а-б ү р т ү к ч ө л ү ү (0,4–2%) болуп айырмаланат. Пайда болуу шарттарына, кенташ тулкуларынын морфологиясына ж-а курамына жараша бир нече өндүрүштүк типке бөлүнөт: тарамча-бүртүкчөлүү (жездин орточо өлчөмү 0,3–2,0%), жездүү кумдук ж-а сланецтер (стратиформдук, 1,5–6,0%), жез колчеданы (1,5–8,0%), жез никелдүү (сульфиддүү, 1–2% ж-а андан көп), полиметаллдуу (0,5–4%), кварцсульфид тарамдары (2–5%), скарн (2–3% ж-а андан көп) ж-а ар кандай типтеги кенташтар (жез-ванадийлүү, жез-кобальттуу, жез-висмуттуу, жез-темирлүү, жез-алтындуу ж. б.). Кору ж-а казып алынышы боюнча тарамча-бүртүкчөлүү кенташ башкы орунда турат.