ЖЕЗ-ТАШ ДООРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗ-ТАШ ДООРУ , х а л к о л и т (гр. chalkjs – жез ж-а lithos – таш э н е о л и т, лат. aeneus – жез ж-а гр. lithos – таш) – неолиттен коло дооруна өткөн мезгил. Таш куралдары али ба­сымдуулук кылса да, жезден жасалган алгач­кы металл буюмдар пайда боло баштайт. Б. з. ч. 4-миң жылдыкта Чыгышта (Түш. Иран, Түркия, Месопотамия, Түркмөнстан), б. з. ч. 3–2-миң жылдыкта Европада жезди ж-а колону өндүрүү кыйла калыптанган.