ЖЕКШЕНКУЛОВ
ЖЕКШЕНКУЛОВ Аликбек (25. 5. 1957-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон кыштагы) – мамлекеттик ж-а коомдук ишмер, дипломат, саясат таануучу, саясат таануу илимдеринин доктору (2000). 1980-жылы Украина айыл чарба академиясын бүтүргөн. 1980–90-жылдарда комсомолдун Аламүдүн райкомунун 1-секретары, Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары, комсомолдун Ош обкомунун 1-секретары, 1994–2000-жылдарда КР тышкы иштер министринин 1- орун басары, 2000–04-жылдарда КР-

дин Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия, Израилдеги элчиси, ошол эле учурда КРдин ОБСЕдеги, БУУдагы, Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, 2004–05-жылдарда КРдин тышкы иштер министри, 2007–08-жылдарда эл аралык өнүгүү ж-а саясат боюнча агенттиктин жетекчиси болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1990–94). КРдин атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси рангына ээ (2000). 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.
Эмг.: Влияние внешнеэкономической связи на формирование экономической структуры независимой Кыргызской Республики. Б., 1996.