ЖЕЛБИРӨӨЧ
ЖЕЛБИРӨӨЧ – кыз-келиндердин моюнга арта
салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму.
Өтө мыкты шөкөттөлгөн Ж-түн сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, бетине асыл

таштар чөгөрүлүп, эки учунда күмүш зымдар м-н чынжыр л анган же торчолонгон бир нече сеңселме талтал чачысы төгүлүп турат. Ага жумуруланган сүйрү жука темир илинип, сырты күмүш зымдар м-н жиксиз торчолоно кынапталат. Андан да кайрадан жогорудагыдай күмүш зымдар чынжырлана чыгып, араларына шуру тизилип, төмөнкү учтарына сүйрү жука күмүш кулакчындар түшүп, түйүлүп турат. Анын эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу же жүрөкчө түспөлдөгү зер жасалгасы эки канаттын чынжырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.