ЖЕМИШ ШАРАБЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕМИШ ШАРАБЫ – жемиш ж-а айрым жа­шылча ширесине кант же суу кошуп, ачытуу жолу м-н даярдалуучу ичимдик. Эгер шарап жемиш ширесинен гана даярдалса, даамы өтө кычкыл келип, канттуулугу аз болуп, адамга жагымсыз болот. Ширенин кычкылдуулугун азайтуу үчүн суу м-н кант кошулат. Жемиштер­де алма ж-а лимон к-талары болот. Ж. ш-н да­ярдоо мөөнөтү 21–42 күнгө созулат. Ж. ш. 80% бир жемиштин ширесинен даярдалса, ага ошол жемиштин аты коюлат. Сапаттуу Ж. ш. алма, карагат, чие ж. б. жемиштерден даярдалат. Ж. ш. спирттин, канттын, ширелүү заттардын, к-талардын ж-а көмүр кычкыл газынын өлчө­мүнө жараша ачкыл, күчтүү, таттуу, жыпар жыттуу ж-а газдуу деп бөлүнөт.