ЖЕР АСТЫНДАГЫ МУЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР АСТЫНДАГЫ МУЗДАР – көп жылдык тоң тараган аймактардагы тоңгон тоо тек катмарын­дагы ж-а кыртышындагы муздар. Жаралышы б-ча баштапкы – борпоң тектердин тоңушунан пайда болгон муздар (муз-цемент), кийин жа­ралган жаракаларда (тарам муз), көңдөйлөрдө ж-а боштуктарда (үңкүр музу) суунун ж-а суу буусу кристаллдашкан муздарга, алгач жер бе­тинде пайда болуп, кийин чөкмө тектердин ас­тында калган (көмүлгөн муз) муздарга бөлүнөт.