ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛЕ́КТР ТАРМАГЫ – чыңалуу­су 35 кВга барабар электр тармагы. Ө. ж., а. ч. ж. б-ды 15–30 км аралыкта электр энергиясы м-н камсыз кылат. Ж. э. т-нын курамына под­станциялар, аба ж-а кабелдик линиялар кирет. Ал радиалдык, магистралдык ж-а туюк болу­шу мүмкүн. Ж. э. т-нын чыңалуусу 1 кВдан чоң болсо, 3 өткөргүчтүү, чыңалуусу 380/220 кВ же 220/127 кВ болсо 4 өткөргүчтүү (3 фазалуу өткөргүч ж-а 1 нөлдүк) деп аталат.