ЖЕР-ЖЕМИШ ӨСҮМДҮКТӨРҮ
ЖЕР-ЖЕМИШ ӨСҮМДҮКТӨРҮ – мөмөсү желе турган көп жылдык бадал, чала бадал ж-а чөп өсүмдүктөр. Алардын негизги сөңгөгү болбойт. Бийиктиги 0,8–6 м, 10–20 жыл өсөт. Жер жемиш. өсүмдүкөрүнүн жапайы ж-а эгилме түрлөрү бар. Анын ичинде кожогат, карагат, дан куурай, барсылдак ж. б. кеңири таралган. Булар эрте бышкандыгы м-н айырмаланат. Жыл сайын көп түшүм берет. Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндө жапайы дан куурай,

кулпунай, карагат, чычырканак, бөрү карагат, ит мурун, Чүй өрөөнү м-н Ош облусунда кызыл карагат, кожогат, дан куурай ж. б. көп өсөт. Жер жемиш өсүмдүктөрү эрте жазда же күзүндө отургузулат. 1 га жерге 80 миң түп кожогат, 3—6 миң түп карагат же барсылдак отургузууга болот, Жер-жемиш өсүмдүкатөрү калемче, чырпык, өркүндөрүнөн көбөйтүлөт. Ар га жерден 4-5 т карагат, 6-10 т кожогат, 10 кгга чейин дан куурай алынат.