ЖЕР КЕЗҮҮЧҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР КЕЗҮҮЧҮЛӨР – 16–17-к-да Сибирь, Ы. Чы­гыш ж-а аны чулгаган деңиздерге саякат жаса­ган орустар. Алар негизинен «кызматтагылар» (түрдүү даражадагы казак орустар), соодагерлер ж-а куну айбанаттарга аңчылык кылгандар болгон. Орус өкмөтүнүн ж-а Сибирь адм-нын колдоосу астында 17-к-дын башында Батыш Си­бирдин басымдуу бөлүгү (Енисей д-на чейин) жалпы жонунан изилденип, Россияга кошул­ган. Ж. к. өздөрү барган жерлердин көптөгөн «чиймелерин» түзүп, анда Россиянын азиялык бөлүгүн мүнөздөгөн көп материалдарды чогул­тушкан. Чындыгында Ж. к. зор аймакты өздөш­түрүүгө өбөлгө түзгөн геогр. айрым ачылууларды жасашкан. Алардын ичинен 17-к-дын ортосун­дагы ж-а аягындагы И. Москвитин, В. Поярков, С. Дежнёв, В. Попов, Е. Хабаров, В. Атласовдун изилдөөлөрүнүн геогр. мааниси зор болгон.