ЖЕР МАГНЕТИЗМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР МАГНЕТИЗМИ , г е о м а г н е т и з м – Жердин ж-а анын айланасындагы космос мей­киндигинин магнит талаасы; геофизика илими­нин геомагниттик талаанын космос мейкинди­гине чейинки таралышын, убакыт б-ча өзгөрү­шүн аны м-н байланыштуу болгон жердеги ж-а жогорку атм-радагы физ. процесстерди изилдөөчү тармагы. Жер мейкиндигинин ар бир чекитин­деги геомагниттик талаанын абалы толук чы­ңалуу вектору (Т) м-н мүнөздөлөт. Т аталган чекит аркылуу жүргүзүлүүчү тик бурчтуу коор­дината системасынын окторуна карата түзүү­чүлөргө бөлүнөт (к. сүрөт). Толук чыңалуу век­торунун ХОҮ мейкиндигине болгон проекция­сы же Ү, Хтин геом. суммасы Жердин горизонт­туу чыңалуу күчүн (Н) пайда кылат. Н вектору м-н Х огунун бурчу магниттик кыйшаюуну (Д) берет. Х огунун багыты магниттик меридиан деп аталат. Эгерде Н вектору Х огунан Ү огуна ка­рай жылса, магниттик кыйшаюу оң деп ата­лат. Тескерисинче, Н вектору Хтен батышты карай жылса, терс болот. Толук чыңалуу век­тору Тнын ХОУ горизонттук мейкиндиги м-н түзгөн бурчу жантаюу бурчу деп аталат да, J м-н белгиленет. Жогоруда аталган Х, Ү, Z, H, Т, Д, J – Ж. м-нин элементтери. Н вектордун ар бир чекитиндеги багыты магниттик меридиан­дын абалын көрсөтөт. Түн. ж-а түш. уюлдарда бүт магниттик меридиандар кошулуп, уюлдар­ды пайда кылат. Азыркы геофиз. теория б-ча Ж. м-нин негизги (99%) же өтө жай өзгөрүүчү бөлүгү ядродогу тынымсыз болуп туруучу электр­магниттик процесстердин натыйжасында пай­да болот. Калган үлүшүнө жердин магнитосфе­расы м-н ионосферадагы өзгөрмө кубулуштар ки­рет. Геомагниттик талаанын чыңалуу күчтөрү экватордо 0,35 э болсо, жер шарынын уюлда­рында 0,65 э болот. Жердин магниттик күч сы­зыктарынын табигый абалынын өзгөрүп кети­ши а н о м а л и я деп аталат. Аномалиялар ургаалдыгына, ээлеген аянтына, чоңдугуна ка­рата дүйнөлүк, аймактык ж-а жерг. болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк аномалиянын чыңалуу күчү жерден 3000 км бийиктикке чейин байкалат. Дүйнөлүк аномалия жердин тереңиндеги про­цесстер м-н тыгыз байланышта болот да, пла­нетабыздын бардык аймактарында бирдей боло бербейт. Жердин магнетизминин өзгөрмөлүүлүгү Күндөгү татаал процесстер м-н байланыштуу. Күндөн келүүчү заряддар, плазма толкундары (шамал) Жерден 18 миң км бийиктикте магнит­тик күч сызыктарынын табигый түзүлүшүн кес­кин өзгөрүүгө учуратат. Магнитосферанын че­гинде плазма агымынын басымы жердин маг­ниттик басымы м-н теңдешет ж-а геомагнит­тик күч сызыктары б-ча сыйгаланып, уюлдар­ды карай багытталат. Уюлдарда иондошуу көбөйгөндүктөн, уюлдук жаркыроолор пайда бо­лот. Магнит талаасынын ургаалдуулугу тез ж-а жогорку даражага жогорулашы магнит ку­юндары деп аталат. Күн шамалы магнитосфера м-н ионосфера аркылуу өткөндө, электр тармак­тарын кескин өзгөртүп, өтө күчтүү электр ток­торун пайда кылат. Бул электр токтору космос мейкиндигинен жер бетине чейинки магниттик талааны өзгөртөт. Геомагниттик талаа тирүү организмдерге, өсүмдүктөргө ж-а адам баласы­на таасир этет. Ж. м-н изилдөө иштеринин жы­йынтыктары анын геомагниттик элементтери­нин карталары, деңиз, аба, геодезия, маркшей­дерия, жер титирөө, байыркы тектерди чалгын­доо, радио байланыш, космоско учуу убагында­гы радиациялык абалды билүүдө ж. б. тар­мактарда кеңири колдонулат.


Ад.: Яновский Б. М. Земной магнетизм. Л., 1978; Калинин Ю. Д. Вековые геомагнитные вариации. Новосиб., 1984; Паркинсон У. Введение в геомагне­тизм. М., 1986.