ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ
ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ – О. Азия ж-а Казакстанда падышалык Россия тарабынан күч м-н мамлекеттин менчигине алынган жерлерди жерг. элге кайтарып берүү үчүн Совет өкмөтү жүзөгө ашырган социалдык-экон. чаралар. Ал 1920-ж. сентябрь айындагы Түркстан Компартиясынын 5-cъездинде кабыл алынып, эки этапта өткөн: 1) 1921–22-ж. Түн. Кырг-нга келген келгиндерди мурдагы орундарына көчүрүп, алардын ордуна жерг. калкты отурукташтыруу ишке ашырылган. Мис., Каракол уездинен бошогон жерге 1578 түтүн, Пишпек уездинде 4500 түтүн кыргыз жайгаштырылган. Нарын уездинен 15 миң теше жер жерг. элге кайтарылган. Басмачылыкка байланыштуу Ж.-с. р. Түш. Кырг-нда толугу м-н ишке ашкан эмес; 2) Улуттук-мамл. бөлүнүү аяктагандан кийин (к. Орто Азиянын улуттукмамлекеттик бөлүнүшү) О. Азиянын бардык респ-ларында жүргүзүлүп (1925–29), бул этаптагы Ж.-с. р. Түш. Кырг-нда «үчтүктөрдүн» (тройка) күчү м-н өзгөчө кырдаалда өткөн. Себеби бул жакта ашыкча жерди россиялык келгиндерден эмес, жерг. байлардан тартып алууга туура келген. Натыйжада 1927–28-ж. жеке менчик 494 ири чарба жоюлуп, 3447 жеке чарбанын ашыкча жери кесилип алынган. Алардын эсебинен 45 777 га сугат ж-а 22 831 га кайрак жерлер Ж.-с. р-нын фондусуна өтүп, дыйкандарга тийиштүү үлүш мурун 0,5 га сугат, 0,2 га кайрак жерден турса, реформадан кийин ал 2,8 га сугат, 1 га кайрак жерди түзгөн. Ж.-с. р-нын мааниси О. Азиядагы жерг. элден күч м-н тартылып алынган жерлер кайтарылып, орус кулактары пайдаланган артыкча укук чектелип, феодалдык ээликтерге айланган көп жерлер кембагалдарга бөлүнүп берилгендигинде болгон. Ж. Ж. Жунушалиев.