ЖЕР-ҮЙ МӨҢГҮСҮ
ЖЕР-ҮЙ МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Ак-Сай суусунун алабынан орун алган. Уз. 7,3 км, аянты 8,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4640 м, этеги 3430 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3970 м. Абляциясынын аянты 3,7 км2. Мөңгүдөн Жер-Үй суусу (Тоң р-нундагы Ак-Сай суусунун негизги курамы) башталат.