ЖЕТИГЕН 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИГЕН – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. Генеал. ула­мыштар б-ча Ж-дер сол канат уруу бирикмеси­не сырттан келип кирген уруу катары түшүн­дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары м-н башка эл­ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары­нан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш­кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Ж. уруусу ж-дөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси­не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар­га таянып, Ж. уруусу м-н чекир саяктардын ба­йыркы теги бир жерден чыкканын, о. эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер­дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Ж. уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзон­дун иликтөөлөрү б-ча бул урууга дагы бир «дер­биш» деп аталган урук кирет. 19-к-дын бирин­чи жарымында канатташ кушчу уруусу м-н жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Ж-дер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр­кы Ж. уруусу чачкын жайгашкан. Ж-дердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөө­нүнүн жогорку аймагын (Талас р-ну) ж-а ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө­мүн (Панфилов р-ну) мекендешет. Ал эми кыр-


гый ж-а дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү са­рыбагыш, солто арасында болуп, Нарын обл­нун Нарын, Кочкор, Чүй обл-нун Кемин, Чүй, Сокулук р-ндорунда турушат. Р. Жолдошов.