ЖЕТИМИШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМИШЕВ Сейит (15. 10. 1936-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Кичи Кемин айылы) – жазуу­чу, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1991). КМУнун филология ф-тин бүтүрүп (1958), Кырг-н ЛКЖСтин Фрунзе обкомунун инструк­тору, 1959–66-ж. Кыргыз ССР мамл. телекөр­сөтүү ж-а радио уктуруу к-тинде редактор, 1967–71-ж. «Кыргыз маданияты» гезитинде баш­кы редактордун орун басары, 1971–73-ж. Кырг-н КП БКнын инструктору, 1973–75-ж. «Кыргыз­стан» басмасынын директору, 1975–83-ж. «Чал­кан» журналынын башкы редактору, 1987– 88-ж. «Мектеп», 1988–92-ж. «Адабият» басма­сынын директору, 1992-ж. КРдин Өкмөтүнө ка­раштуу мамл. архив агентчилигинин директо­рунун орун басары болуп иштеген. Чыг-лыгы 1950-жылдарда башталган. Алгачкы повести «Менин атам» деген ат м-н 1962-ж. жарык көр­гөн. Ж. – «Ички кайрыктар» (1964), «Мезгил закымдары» (1968), «Тоо булагы» (1987), «Эл ара­сында» (1-китеби, 1989) ж. б. китептердин ав­тору. «Чертилген кыялдар» аттуу ыр жыйнагы (2006; 2009), «Эл арасында» романы (I–II тому, 2007), о. эле бир нече адабий эсселери бар. Чы­гармалары орус, уйгур, латыш, украин, кытай ж. б. тилдерге которулган. Даңк медалы м-н сыйланган (2007).