ЖЕТИМ ТООЛОР
ЖЕТИМ ТООЛОР , а р а л ч а т о о л о р – кенен өрөөндүү (түздүктүү) аймакта жалгыздап же топтоп болуп жайгашып, негизги тоодон обочолонуп турган тоолор м-н дөңсөөлөр. Алардын бийикт. 100 мден 1000–2000 мге чейин. Негизинен ариддүү климат өкүм сүргөн тоолуу аймактын денудацияга дуушарланышынан же болбосо жерг. тоо пайда болуу процессинен жаралат. Кырг-нда Ж. т. кеңири тараган. Ага байланыштуу пайда болгон топонимдер да бар (мис., Жетим-Тоо, Жетим-Бел, Орток-Тоо).