ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ Ысык-Көл обл-нда. 1930-ж. бир нече болуштуктар биригип, Ж.-Ө. ж-а Покровка р-ндору болуп уюшулган. 1959-ж. эки район биригип, Ж.-Ө. р. аталып калган. (1962-ж. Ысык-Көл обл-су жоюлганда Тоң р-нуна кошулуп, түздөн-түз баш ийүүдө болгон. 1965-ж. кайра бөлүнгөн). Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң р-ндору, түш.-батышынан Нарын облусу, түш.-
чыгышынан Кытай м-н чектешип, түндүгүнөн Ысык-Көл чулгайт. Аянты 14,0 миң км2. Калкы 82,1 миң (2009). Борбору – Кызыл-Суу кыш.
Райондун аймагы негизинен тоолуу; рельефине
жараша 2 зонага бөлүнөт: түздүктүү түн. (Ысык- Көлдүн жээк түздүгү ж-а Тескей Ала-Тоонун түн. этеги, анын өрөөн, капчыгайлары) ж-а Тескей Ала-Тоо м-н Какшаал тоо тизмегинин аралыгында жаткан Ысык-Көл сырты. Негизги тоо тармактары: Тескей Ала-Тоо (райондун аймагындагы эң бийик жери Ит-Тиш чокусу, 4808 м),


Ак-Шыйрак тоо тоому (5125 м), Борколдой кырка тоосу (5170 м), Жетим-Бел кырка тоосу (4627 м), Какшаал тоо тизмеги (5200 м). Негизги өрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөнү, Жогорку Нарын өрөөнү (Кара-Сай, Тарагай), Үч-Көл – Сары- Чат өрөөнү ж. б. Алар деңиз деңг. 1608 мден (Ысык-Көл өрөөнү) 3200 м бийиктикке чейин (Ара-Бел өрөөнү) жайгашкан. Тескей Ала-Тоо м-н Какшаал тоо тизмегинин аралыгында деңиз деңг. 2500 мден жогору күдүрлүү кенен аймак – Сырт, Ысык-Көл сырты жайгашкан. Кен байлыктары: калий, алтын (Кум-Төр), вольфрам, коргошун, графит, темир, о. эле минералдуу жылуу булактар (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу макаласын), курулуш материалдары ж. б. Райондун Ысык-Көл жак бөлүгүндө деңиздик-тоо, Сыртка кескин континенттик климат мүнөздүү. Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы салкын (июлдун орт. темп-расы 17,5°С), кышы жумшак (январдыкы –2,9°С). Сырттын кышы узак ж-а суук (январдыкы –22°С), жайы кыска ж-а салкын (июлдуку 5°С). Жылдык жаан-чачыны Ысык-Көл өрөөнүндө 350–500 мм, Сыртта 200– 300 мм. Тоолору мөңгүлүү, алардан Нарын, Сары-Жаз, Үзөнгү-Кууш, Жети-Өгүз, Жууку, Барскон ж. б. суулар башталат. Майда көлдөрү бар. Топурак м-н өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Негизинен жарым чөлдүү кургак талаа, талаа-шалбаа, токой (негизинен карагай), субальп, альп, бийик тоолуу тундра, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Аймагынын бир бөлүгү Ысык-Көл биосфералык резерватына кирет; Жети-Өгүз корукчасы уюшулган.
Калкы облустун калкынын 18,7%ин түзөт; көп улуттуу. Негизинен кыргыз (87,3%), орус (7,4%), дуңган (2,4%), украин (0,5%) ж. б. улуттар жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 5,7 киши. Көбү көл кылаасында отурукташкан. Райондо 13 айыл округу, 43 кыштак бар.
Чарбасынын негизги тармагы – а. ч-сы; 1149
дыйкан чарбасы, Оргочор асыл тукум мамл. з-ду, Жети-Өгүз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниги иштейт. Кийинки жылдары малдын санынын кыйла кыскарып кеткендигине карабастан, Ж.-Ө. р. малынын саны б-ча облуста 1-орунда, 32,6 миң уй (сааны 16,5 миң), 157,1 миң кой-эчки, 17,1 миң жылкы, 2,2 миң
чочко, 750,1 миң үй кушу болгон. 2006-ж. 9,1
миң т эт, 37,9 миң т сүт, 1,4 млн даана жумуртка, 536 т жүн даярдалган. Сырттын жайыты кенен болгондугуна карабастан анын алыс жайгашкандыгына байланыштуу чарбада чектелүү гана пайдаланылууда. Райондун чыгыш бөлүгүнүн табияты чарбачылыкка ыңгайлуу болгондуктан, анда а. ч-сы өнүккөн. А. ч-нын негизги продукциясын дан эгиндери, о. эле картөшкө түзөт. Айдоо жеринин дээрлик 70,0%ин дан эгиндери ж-а көп жылдык тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Райондун бардык жер аянты 1,4 млн га, а. и. а. ч-га жарактуу жери 486,0 миң га, айдоо жери 42,5 миң га, чабындысы 877 га, жайыты 484,1 миң га. 2006-ж. 13,1 миң га дан эгиндери, 14,5 миң га көп жылдык чөп, 2,6 миң га бир жылдык чөп, 3,6 миң га силос үчүн жүгөрү, 0,8 миң га картөшкө, 0,1 миң га жашылча айдалган. Дыйканчылыктан 2006-ж. 33,7 миң т дан, 194,9 миң т картөшкө, 11,0 миң т жашылча, 9,4 миң т мөмө-жемиш жыйналган. Негизги ө. ж. ишканалары: Кум-Төр алтын комбинаты, Кызыл-Суудагы «Ак-Жалга» АК (сүт, быштак), «Шербет» жоопкерчилиги чектелген коому ж-а кыш, нан з-ддору, о. эле айыл-кыштактардагы тегирмендер, май сыгуучу ишканалар ж. б. Райондун ө. ж. ишканалары 2008-ж. («Кум-Төр» алтын комбинатын кошкондо) 180,5 млн сом (облустун 93,3%, республикасынын 21,7%) продукция өндүргөн. Райондун аймагы аркылуу Ысык-Көлдү айланта курулган эл аралык маанидеги автомобиль жолунун бир бөлүгү, көлдүн түш. жээгин бойлоп, Бөкөнбаев – Кызыл-Суу – Каракол аркылуу өтөт. 2008-ж. автомобиль транспорту м-н 399,9 миң т (облустун 9,3%,) жүк ташылып, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 73,5 млн жүргүнчү-километр (11,8%) болгон. Райондо калкка көрсөтүлүүчү тейлөөнүн
көлөмү 69,0 млн сомду (4,9%) түзгөн.
Район туризм сектору б-ча облуста Ысык-Көл р-нунан кийинки 2-орунда турат. Мында көл жээгиндеги күнөстүү пляждардан сырткары табигый ажайып кооз жерлер (Жети-Өгүз өрөөнүндөгү Көк-Жайык, Жарылган жүрөк, Кызыл- Жар аскалары, Жууку, Кызыл-Суу сыяктуу
өрөөндөр ж. б.), Жети-Өгүз курорту, Ысык-Көл, Тамга санаторийлери туристтерди ж-а эс алуучуларды кышы-жайы кабыл алат. Тарыхый эстеликтерден 7–15-к-га таандык Барскон шаар
чалдыбары бар. Райондун аймагы аркылуу Бишкек – Балыкчы – Каракол (көлдүн тескейи м-н), Барскон – Ак-Шыйрак, Барскон – Кум-Төр автомобиль жолдору өтөт. Кызыл-Сууда пристань, Тамга айылында аэропорт бар.
Райондо 28 орто, 8 негизги (1 жатак мектеп), 2 башталгыч мектеп бар; анда 18,3 миң окуучу окуйт. Ырдык, Богатыровка, Липенка, Оргочор, Светлая Поляна, Тамга ж. б. кыш-нда окуу
орус-кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Райондогу 8 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 155 бала тарбияланууда. Эки кесиптик-тех. окуу жайы (Кызыл-Суу, Барскон кыш-нда), райондук борб. китепкана ж-а анын бөлүмдөрү, ж. б. мад-т мекемелери бар. Кыргыз ж-а орус тилдеринде «Жети-Өгүз жаңылыгы», «Жети-Огузская новь» гезиттери чыгат. Райондук оорукана (275 орундуу), бейтапкана, балдар бейтапканасы, участкалык ооруканалар (Кара-Сай, Караколка, Тамга, Жети-Өгүз, Ак-Шыйрак кыш-нда), 22 ФАП, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. иштейт. Район б-ча 113 врач, 511 мед. орто билимдүү адис, а. и. санитария эпидемиол. станцияда 14 врач, 49 мед. орто билимдүү кызматкерлер эмгектенет. А. Мырзаев, З. Бейшеев.