ЖЕТИ-СУУ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 16 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ ОБЛУСУ (1867–1922-жылдарда Семиречье, 1922–24-жылдарда Жети-Суу облусу) – 1867-жылы августта Түркстан генерал-губернаторлугунун курамын­дагы административдик аймак (к. Жети-Суу). Жети-Суу облусунун ку­рамына Сергиеополь (1875-жылдан Лепси), Ка­пал, Верный, Жаркен, Ысык-Көл (кийин Кара­кол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери кирген. 1882-жылы Акмоло, Семей облустары м-н бирге жаңы уюшулган Талаа генерал-губернаторлугунун курамына, 1897-жылы кайрадан Түркстан генерал­-губернаторлугуна өткөн. 1922-ж. Жети-Суу облусу болуп которулган.