ЖЕТИ-СУУ ТҮЗДҮГҮ
ЖЕТИ-СУУ ТҮЗДҮГҮ , Ж у ң г а р и я – Алтай м-н Чыгыш Теңир-Тоонун аралыгында жайгашкан ойдуң. Кытайдын түн.-батышында. Түндүгүнөн Моңгол Алтайы м-н чектешет. Аянты 700 миң км2дей, басымдуу бийикт. 600–800 м. Таманын борпоң тектердин калың катмары жаап жатат. Кум массивдүү шор баскан жерлери бар чөл ээлейт. Айрым токол тоолор, майда дөбөлөр, тоо этектеринде таштак шилендилер кездешет. Климаты мелүүн континенттик, жайы ысык, кургакчыл, кышы кургак суук, абанын темп-расы сутка ичинде кескин өзгөрүп турат. Январдын орт. темп-расы –20°С …–25°С, июлдуку 20–25°С. Жылдык жаан-чачыны 150–200 мм, тоолордо 800 ммге чейин. Дарыялары сейрек, ирилери: Манас, Урунгу, түндүгүндө Иртыштын башаты; көптөгөн кургак нуктар нөшөрлөгөн жамгырдан кийин гана сууга толот. Ири көлдөрү: Эби-Нур, Манас, Улюнтур ж. б. Сейрек өскөн ксерофит өсүмдүктөрү (сөксөөл, шыбак, баялыш, тамариск) басымдуу. Малга жайыт, тоо этектеринде оазистер кездешет. Нефтинин ири кени (Карамай ж. б.) бар.