ЖИБЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИБЕК (табигый) – жибек куртунун безинен бөлүнүп чыгуучу нукура (табигый) текстиль бу­ласы. Адегенде жибек курттун кокону ысык суу­да жумшартылып, андан соң жазылып курга­тылат. Натыйжада уз. 0,4–1,2 кмге жеткен таза, жалтырак кош катар жибек жип алынат. Мын­дай жип оңой боёлот ж-а бышык болот. Бир нече түрмөктөн турган жиптер адегенде самын ж. б. заттар м-н ысык сууда кайнатылып, бат­ташкан заттардан тазартылат, андан соң металл цилиндринин ичке көзөнөгү аркылуу созуп өткөрүлүп, чыйратуучу машинага берилет. Эри­ши (кездеменин узунунан жайгашкан жиптери) катары колдонулуучу жибек жип трамм деп ата­лат. Аркак (кездеменин туурасынан кеткен жип­тери) түрүндө колдонулган жип органсин деп ата­лат. Ал траммга караганда азыраак күч м-н каршы тарапты карай чыйратылат. Үзүлгөн жип­тер чыйратылганга жарабайт, ошондуктан алар­ды майдалап бөлүп, пахта, зыгыр ж-а жүн сы­яктуу ийрийт. Ж. кездеме токуу ж-а тех. мак­саттар үчүн, о. эле электр өткөрбөөчү материал катары колдонулат.