ЖИБЕК КӨПӨЛӨКТ ӨР Ү
ЖИБЕК КӨПӨЛӨКТ ӨР Ү (B om b y c idae) – көпөлөктөр тукуму. Бул көпөлөктөрдүн эжеке бээ саасынын (гусеницасы) куурчакчага айланардан мурда жибек жип бөлүп чыгарып, ага өзү оронуп, пиллага айланат. Денеси муунактуу, алдыңкы канаты кайкы; оозу рудименттүү, муруттары тарамданып турат. 300дөй түрү белгилүү. Ж. к-нун эжеке бээ саасынын жип безинен бөлүнүп чыгуучу буласы (жибек жип) – татаал амин к-талар комплекси. Ал жип туруктуу фиброинден туруп, сырты эрип кетүүчү серицин м-н капталган. Анын 20га жакын түрү бар. Ж. к-нүн ичинен (тыт Ж. к.) жибек пилласын түзүп, андан жибек жиби алынат, ал жибекчиликте пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө тыт Ж. к., Кытай, Японияда эмен Ж. к. өстүрүлөт. Ж. к-нүн жапайы түрлөрү бак-дарактарга зыян келтирет. Ошондуктан аларга каршы күрөшүү чаралары жүргүзүлөт. Жапайы тыт Ж. к. мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган.