ЖИБЕКЧИЛИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИБЕКЧИЛИК – а. ч-нын жибек куртун өстүрүүчү тармагы. Мында пилла алуу макса­тында бакма (тыт жибек курту) ж-а жапайы жибек курту багылат. Жибек куртунун бирден­бир азыгы тыт жалбырагы болгондуктан, жи­бек куртун асыроо тыт дарагын өстүрүү м-н ай­калыштырылат. Табигый нукура жибек алуу үчүн тыт жибек курту Кытайда мындан 5 миң жыл мурда эле өстүрүлгөн. КМШ аймагында О. Азия м-н Закавказьеде 5–7-к-да пайда бол­гон. Ж-тин өндүрүштүк процесстери – тыт өс­түрүү, грена чыгаруу, жибек куртун тоюттан­дыруу, пилланы алгачкы иштетүү (пилланын ичиндеги курт куурчакчасын өлтүрүү, пилланы кургатуу). Жибек куртунун породасын жакшыр­туу, көбөйтүү иштерин Ж. ИИИ ж-а асыл тукум­даштыруу станциялары жүргүзөт. Чет мамле­кеттерден Ж. Япония, Кытай, Индия, о. эле Ко­рея, Түркия, Бразилия ж. б. бир катар өлкө­лөрдө дурус жолго коюлган.


Ад.: Миляев А. П. Справочник по шелководству. М., 1960; Хафизов Н. Р. Шелководство Средней Азии (развитие и экономика). Таш, 1963; Учебная книга шелковода. М., 1981.