ЖИДДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИДДА – Сауд Арабияcындагы порт шаар. Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Жол тоому. Ири порт (жылына 39,5 млн т жүк ж-а 2,8 млн контейнер ташылат). Мусулман-зыярат­чылар ыйык шаарларга (Мекке, Мединага) та­бынууга жөнөөчү жай. Нефть ажыратуу, нефть­хим., болот эритүүчү, металл иштетүү, куру­луш материалдар (мрамор иштетүү, цемент), эмерек, жеңил (булгаары – бут-кийим, текстиль) ө. ж. ишканалары ж-а деңиз суусун тазалоочу ири з-д иштейт. Кеме ремонттолот. Диний буюмдар чыгарылат. Ун-т, авиация академия­сы, мед. ин-т, бир нече коллеж, музейлер (а. и. этногр.) бар.