ЖИЙДЕ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕ – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда­гы кыштак. Сайпидин Атабеков атн. айыл ок- ы ел ругуна караштуу. Кара-Дарыя суусунун оң жээ­гинде, деңиз деңг. 710 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 12 км түш. тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 20 км. Кыштак 1888-ж. негизделген. Калкы 3229 (2007); негизинен жүзүмчүлүктө ж-а шалы өс­түрүүдө эмгектенет. Эки орто мектеп, китепка­на, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода борборлору иштейт. Суусу мол болгондуктан, илгертеден шалынын мекени.