ЖИКИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИКИЛДЕР , ч и г и л д е р – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Борб. Теңир-Тоо м-н Жети-Сууну жердеп, Караханиддер мамлекетин­де өзгөчө орунга ээ болгон. Орхон жазууларын­да Ж. м-н чиктер бир эл экени, алар байыркы теле (же тогуз-огуздар) уруулары болуп, о. кы­лымдын башында азыркы Туванын батышын­да туруп, Саян-Алтай элдери м-н бирге Борб. Азиядагы кагандыктардын бийлигине каршы күрөшүшкөн. Ушундай күрөштүн натыйжасын­да чиктердин негизги тобу түш.-батышты көздөй жылып, Жети-Суу ж-а Теңир-Тоого келишкен. «Худуд ал-'алам Мин ал-Машрик Илал-л Маг­рибдин» (к. «Худуд ал-алам») аталбаган авто­рунун жазганы б-ча Ж. көп сандуу болуп, түш. ж-а чыгышынан карлуктар, батышында тух­силер, түн. жагынан кыргыздар м-н чектеш­кен. Ал эмгектин автору ал жерде Ысык-Көл жайгашканын белгилейт.


Ад.: Бартольд В. В. Извлечение из сочинения Гар­дизи «Зайн ал-ахбар» // Соч. Т. VIII. М., 1973; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002. Т. Жуманалиев.