ЖИРАФТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИРАФТАР (Giraffdae) – кепшөөчү сүт эмүү­чүлөрдүн ача туяктуулар түркүмүнүн тукуму. 2 уруусунун бирден түрү (кадимки жираф ж-а

окапи) бар. К а­д и м к и Ж. – зор жаныбар. Тулку кыска, башы анча чоң эмес, моюну ж-а алдыңкы буту у зу н. Сал магы 550–750 кг, жону­на чейин бийикт 3,7 м , т ө бө с үнө чейин бийикт. 5– 6 м, денеси көбүн­чө ачык ж-а сары түстө, түрдүү фор­мадагы к ара-кү­рө ң т ак т ар м-н капталган. Афри­канын сейрек өскөн бадалдуу токойлорунда, ачык талааларында жашайт. Көпчүлүк жерде эти ж-а териси үчүн кырып жок кылынган. Ж. түрдүү акациянын бутак ж-а жалбырактарын жейт. Ургаачысы 14 ай көтөрүп, бирди тууйт. Эти тамак-аш, териси кооз буюм жасоо үчүн пай­даланылат. Ж. паркта, атайын корукта ба­гылат.