ЖИУ-ЖИЦУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИУ-ЖИЦУ – өзүн коргоо ж-а куралсыз кол салуу б-ча япон системасы. Анын ыкмалары­нын негизи адамдын денесинин коргоосуз кал­ган бөлүктөрүнө (күрөө тамыр, боор, көкүрөк


ж. б.) сокку уруу. Ж.-ж-нун негизги ыкмалары каршылашынын дем алуу жолдорун бууп, кол­дун ж-а буттун муундарын бурап бүгүп, түрдүү ыкмалар м-н көтөрүп чабуу ж-а тушоо болуп саналат. Ж.-ж. куралсыз коргонуунун элдик ык­малары катары Японияда байыртадан эле бел­гилүү. 13–14-к-да түптөлүп, 14–19-к-да самурай­лардын физ. ж-а согуштук даярдыгынын систе­масы катары Японияда кеңири кулач жайган. 19-к-дын аягында Ж.-ж-нун мыкты мектепте­рин тандоонун ж-а ыкмаларына жаңылоо кир­гизүүнүн негизинде япондордун дзюдо, 20-к-да каратэ ж-а айкидо сыяктуу өз алдынча улут­тук спорт түрлөрү пайда болгон.