ЖОБО
ЖОБО – мамлекеттик органдар системасынын (мисалы, КРдин министрликтери жөнүндө жалпы жобо) же мамлекеттик бир органдын (мисалы, мамлекеттик автомобиль инспекциясы жөнүндө жобо) түзүлүшүн, милдетин, компетенциясын аныктоочу, ошондой эле уюмдардын (спорт ж. б.) иш-аракеттеринин максатын, тартибин ж-а белгилүү бир маселе боюнча (мисалы, ачылыштар, ойлоп чыгаруулар ж-а рационализатордук сунуштар жөнүндө жобо) уюштуруучулук, мүлктүк, эмгектик мамилелердин жыйындысын жөнгө салуучу жыйынтыктуу, кодекстештирилген мүнөздөгү нормативдик акт.