ЖОГОРКУ КЕҢЕШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ – КРдин парламенти, мый­зам чыгаруу бийлигинин ж-а өз ыйгарым укук­тарынын чегинде контролдук кылуу функция­ларын жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. Партиялык тизме б-ча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат. Курагы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жа­раны ЖКнын депутаты болуп шайлана алат. ЖК депутаттарын шайлоо тартиби мыйзам м-н аныкталат. ЖК депутаттары ант берген күндөн ыйгарым укуктарга ж-а милдеттерге ээ болушат. ЖК – КРдин мыйзам чыгаруу бийлиги болуп эсептелет. ЖК өзүнүн ыйгарым укугунун чегин­де Конституцияга өзгөртүүлөрдү ж-а толуктоо­лорду киргизет, мыйзамдарды кабыл алат, респ­нын бюджетин бекитет, КРдин адм.-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет. Президенттик шайлоону дайындайт, Премьер-министрдин су­нушу б-ча Өкмөттүн түзүмүн бекитет, Президент­тин сунушу б-ча Конституциялык соттун, Жо­горку соттун судьяларын шайлайт ж-а кызма­тынан бошотот, башкы прокурорду дайындоо­го макулдук берет. ЖК Улуттук банктын, Эсеп­төө палатасынын төрагаларын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт. О. эле эл аралык ке­лишимдерди ратификациялайт ж-а денонсация­лайт, өзгөчө абалды киргизет, мунапыс ж-дө актыларды чыгарат. ЖК өз курамынан ЖКнын төрагасын, анын орун басарларын шайлайт. ЖК депутаттарынын ичинен к-ттерди, о. эле убак­тылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт. Мыйзам чыгаруу демилге укугу: 30 миң шайлоо­чуга (элдик демилгеге), Президентке, ЖКнын де­путаттарына ж-а Өкмөткө таандык. ЖКнын сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат ж-а сентябрдын алгачкы жумуш күнүнөн тар­тып, келерки жылдын июнунун акыркы жу­муш күнүнө чейин жүргүзүлөт. ЖКнын кезек­сиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же ЖКнын депутаттарынын кеминде үчтөн бири­нин сунушу б-ча ЖКнын төрагасы тарабынан чакырылат. ЖКнын жыйналышы ага ЖК депу­таттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катыш­са, ыйгарым укуктуу болот. ЖК, анын иштөө тартиби, ыйгарым укуктары ж. б. КРдин Кон­ституциясынын төртүнчү главасында (54–67-ста­тья) каралган. 1917-жылдын октябрынан 1990-жылга чейин СССР парламенттик респ. катары эсептелип, БАКтын төрагасы эч кандай реалдуу ыйгарым укугу болбосо да, мамлекеттин жетекчиси ка­тары саналган. Иш жүзүндө компартия үстөмдүк жүргүзгөн. БАК Советтердин съездинде шайлан­ган. 1936-ж. СССРдеги конституциялык рефор­мадан кийин Советтердин съезди – Жогорку Совет, съезддин делегаттары – Жогорку Совет­тин депутаттары, БАК – Жогорку Советтин Пре­зидиуму болуп өзгөртүлүп, Жогорку Совет мамл. бийликтин жогорку органы катары өз ишин жылына эки жолу өткөрүлүүчү сессияларда ишке ашырган. Ал эми Жогорку Советтин сессияла­рынын аралыгындагы мезгилде Жогорку Совет­тин Президиуму башкарган. Ал Жогорку Совет тарабынан шайланган. Бийликтин ушундай уюштурулган курамы союздук республикалар­да ж-а автономиялуу түзүлүштөрдө, а. и. Кырг-н­да да иштеген. Кара-Кыргыз АОсунун уюшту­рулушу м-н обл. аткаруу к-тинин башкаруу органдары түзүлгөн ж-а жетекчилери шайлан­ган. Кыргыз АОсу 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи болуп кайрадан түзүлгөн. Кыр­гыз АССРинин I уюштуруу съезди 1927-жылдын 7–12-мартында болуп, анын ишине 231 делегат катышкан. Делегаттардын көпчүлүгү ком­партиянын өкүлдөрүнөн (192 киши) турган, жалпы делегаттардын 116сы дыйкан, 43ү жу­мушчу, 58и кызматчы, 12си аскер адамдары болгон. Делегаттар Кыргыз АССРинин БАКын ж-а алгачкы мамл. аткаруу бийлиги (Өкмөт­тү) – Эл Комиссарлар Советин (ЭКС) түзүшкөн. 1936-ж. Советтер Союзунда конституциялык ре­форма жүргүзүлүп, СССРдин жаңы Конститу­циясына ылайык Кырг-н автономиялуу респ­дан союздук респ-га айландырылган. 1938-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоо өткөрүл­гөн. Ага шайлоочулардын 98,23%и катышкан. Кырг-ндын респ. бийлик түзүлүшүнүн тарыхын­да биринчи жолу жашыруун, жалпы, тең ж-а


тике добуш берүү м-н шайлоо жүргүзүлгөн. Кыр­гыз ССР Жогорку Советине 284 депутат 5 жыл­дык мөөнөткө шайланган. Респ-нын Жогорку Советине кийинки шайлоолор Улуу Ата Мекен­дик согушка байланыштуу токтоп калып, 1947- жылдын февраль айында гана өткөрүлгөн. Де­путаттар 4 жылга, 1950-жылдан беш жылга шайланган. Кыргыз ССРинин акыркы 1990-ж. шайланган Жогорку Совети «легендарлуу пар­ламент» катары тарыхта калды. Бул Кырг-ндын акыркы сов. парламенти эгемендүү Кыргыз мамлекетинин жаңы Конституциясы б-ча Жо­горку Кеңеш аталып, жаңы парламент катары ишин улантып, сессияларда гана эмес, дайыма иштөөчү бир палаталуу өкүлчүлүктүү мамл. жогорку орган болуп калган. Легендарлуу пар­ламенттин депутаттары Мамл. эгемендүүлүк ж-дө (15. 12. 1990) ж-а Мамл. көз каранды эме­стик ж-дө (31. 8. 1991) декларацияларды, жаңы Конституцияны (5-май, 1993-жыл) кабыл алыш­кан, өлкөнүн биринчи президентин шайлаш­кан, респ-нын жаңы мамл. туусун, мамл. гер­бин, гимнин бекиткен, ЖКнын атынан кыргыз тилинин мамл. тил статусун мыйзамдаштыр­ган, о. эле экон. эгемендүүлүктүн нукура белги­си улуттук акча – сом киргизилген. 1994-ж. сен­тябрда легендарлуу ЖК өзүн-өзү таркаткан. 1994-ж. 22-октябрда өткөрүлгөн Бүткүл элдик референдумдун натыйжасында ЖК эки палата­луу өкүлчүлүктүү орган болуп калган. 1995-ж. 5-февралдагы шайлоодо кош палаталуу жаңы парламент түзүлгөн. Б и р и н ч и чакырылы­шында ЖКнын жогорку палатасы – Мыйзам чыгаруу жыйынына – 35 депутат ж-а төмөнкү палатасы – Эл өкүлдөр жыйынына – 70 депу­тат кирген. Кийинчерээк мамл. маанилүү масе­лелерди кабыл алууда кооптуу жагдайлардын келип чыгуу мүмкүндүгү эске алынып, Мый­зам чыгаруу жыйынында 60ка, Эл өкүлдөр жы­йынында депутаттардын санын 45ке жеткирүү каралып, бардыгы 105 депутат болушу белги­ленет. Ушул сан тартиби б-ча ЖКнын Э к и н­ч и чакырылышына шайлоо 2000-жылдын фев­раль–март айларында болуп өткөн. КРдин Кон­ституциясынын жаңы редакциясында (2003) курамы 75 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүү каралып, ЖКнын Ү ч ү н ч ү чакырылышынын депутаттары ушул тартипте 2005-ж. февралда шайланган. Бийлик бутакта­рынын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам 2007-жылдын 21-октябрында КРдин Кон­ституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү б-ча бүткүл элдик референдум өткөрүлгөн. Консти­туциянын жаңы редакциясына ылайык кура­гы 25тен кем эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жараны өз партиясынын курултайы су­нуштаган тизме б-ча ЖКга депутаттыкка талап­керлигин коё алат. ЖКнын Т ө р т ү н ч ү чакырылышы парт. тизме аркылуу өткөрүлүп (24. 12. 2007), анда 90 депутат шайланган. Шай­лоодо «Ак Жол» элдик партиясы 71 депутат­тык орунга, Кырг-н социал-демокр. партиясы 11, Кырг-ндын коммунисттер партиясы 8 орун­га ээ болгон. ЖКда 3 депутаттык фракция тү­зүлүп, 12 тармактык к-т иштеген. 2010-ж. 14- апрелде КРдин Убактылуу өкмөтүнүн атайын декрети м-н ЖКнын төртүнчү чакырылышынын иши токтотулган.
К ы р г ы з п а р л а м е н т и н ж е т е к­т е г е н д е р: Кара-Кыргыз (Кыргыз) АО БАК-тын алгачкы төрагасы, кийин Кыргыз АССР БАК, Кыргыз ССР БАКтын төрагасы А. Орозбе­ков (27. 3. 1925–12. 3. 1927; 12. 3. 1927–5. 12. 1936; 5. 12. 1936–16. 9. 1937), М. И. Ус (16. 9. 1937–37), М. Туганбаева (1937– 4. 10. 37), С. Ша­мурзин (4. 10. 1937–29. 11. 37), И. Ф. Соколов (29. 11. 1937–28. 2. 38), М. Салихов (28. 2. 1938– 8. 5. 38); К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т и­н и н П р е з и д и у м у н у н т ө р а г а л а р ы: А. Толубаев (19. 7. 1938–22. 3. 43), М. Токобаев (22. 3. 1943–14. 11. 45), Т. Кулатов (14. 11. 1945– 25. 8. 78), С. Ибраимов (25. 8. 1978–4. 12. 78), А. А. Бусс (22. 12. 1978–10. 1. 79), А. Дүйшеев (10. 1. 1979–14. 1. 81), Т. Х. Кошоев (14. 1. 1981– 8. 8. 87), Т. Акматов (8. 8. 1987–10. 4. 90), А. Масалиев (10. 4. 1990 – 11. 12. 1990); К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т и­н и н п р е д с е д а т е л д е р и: И. П. Боряк (1938–40), К. Жаналиев (1940–47), А. Сүйөрку­лов (1947–50), Б. Мамбетов (1950–53), К. Ди­камбаев (1953–55), К. Каракеев (1955–58), А. Казакбаев (1958–59, 1961–63), Т. Усубалиев (1959–61), А. Токомбаев (1963–64), Б. Мурата­лиев (1964–71), Б. Жамгырчинов (1971–75), С. Табышалиев (1975–80), Т. Аскаров (1980–85), Т. Садыков (1985–90). К Р Ж К н ы н т ө р а г а л а р ы: КР ЖКнын төрагасы М. Шеримкулов (11. 12. 1990 – 13. 9. 94). Эки палаталуу парламент мезгилиндеги (1995–2005) КР ЖКнын Эл өкүлдөр жыйыны­нын төрагалары: А. Матубраимов (28. 3. 1995– 26. 11. 1997), А. Эркебаев (26. 11. 1997– 12. 4. 2000), А. А. Бөрүбаев (18. 4. 2000–24. 3. 2005), М. О. Мукашев (24–25. 3. 2005). КР ЖКнын Мый­зам чыгаруу жыйынынын төрагалары: М. Ш. Чол­понбаев (29. 3. 1995–15. 11. 1997), У. Мукамбаев (15. 11. 1997 – 14. 4. 2000), А. Эркебаев (14. 4. 2000 – 24. 3. 2005), И. Д. Кадырбеков (24 – 25. 2005). Бир палаталуу парламент мезгилинде­ги (март 2005) КР ЖКнын төрагалары: Ө. Ч. Те­кебаев (28. 3. 2005–2. 3. 2006), М. А. Султанов (2. 3. 2006–23. 10. 2007), А. К. Мадумаров (24. 12. 2007 – 25. 5. 2008), А. С. Тагаев (29. 5. 2008 – 17. 12. 2009), З. К. Курманов (24. 12. 2009 – 14. 2010-ж.). К. Раматов.