ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоо­до. Чоң Нарын суусунун алабынан орун алган. Жети-Өгүз ж-а Нарын р-ндорунун аймагында.
Өрөөн кеңдик багытта 130 км узундукка созу­лат, туурасы 20 км. Түндүгүнөн Жетим кырка тоосу, Тескей Ала-Тоо, чыгышынан Ак-Шый­рак кырка тоосу, түштүгүнөн ж-а түш.-чыгы­шынан Нарын кырка тоосу, Улан, Чакыр-Ко­рум, Борколдой тоолору курчап жатат. Өрөөндүн таманынын деңиз деңг. бийикт. 2600–3600 м. Аны курчап жаткан тоолор салыштырмалуу 1000–1300 м көтөрүңкү. Батыш жагы анча ке­нен эмес, бара-бара кууштап, Кашка-Суу ж-а Төлөк суулары Чоң Нарынга куйган аймакта

Чоң Нарын капчыгайына өтөт. Ортоңку бөлүгү кенен, туурасы айрым жерде 25 кмге чейин же­тет. Чыгышын Кыргоо ж-а Кызыл-Эшменин

байыркы морена кырлары Тарагай өрөөнүнө ж-а Кара-Сай өрөөнүнө бөлөт. Тарагайдын башы Ара-Бел – Кум-Төр өрөөнү деп аталат. Өрөөндүн батыш ж-а ортоңку бөлүктөрүндө Каракол, Ча­кыр-Корум, Улан сууларынын майда өрөөндөрү бар. Төмөнкү (батыш) бөлүгүндөгү тоо каптал­дары майда кокту-колоттуу келип, өрөөндүн та­манына тик түшөт. Таманы тектирлүү. Айрым жерлерде кеңдик багытында жаткан анча би­йик эмес кырлар, дөбөлөр м-н алмашат. Өрөөн­дүн таманы (батышында) негизинен төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен ж-а неогендин кум-шагылдарынан турат. Каптал беттери тө­мөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит ж. б. интрузия тектеринен туруп, кеңдик багытында кеткен тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Кли­маты кескин континенттик, январдын орт. темп-расы –19°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан­чачыны 300 мм. Өрөөндө альп шалбаасы, шал­баалуу талаа ландшафттары басымдуу, айрым тик беттерде алар субнивалдык жылаңач чөлдөр м-н алмашат. Тоо кырларына нивалдык-гля­циалдык ландшафт мүнөздүү. Жайыт. Өрөөндө Каракол, Кара-Сай ж. б. кыштоолор бар. Барс­кон – Ак-Шыйрак автомобиль жолу өтөт.


Ад.: Чупахин В. М. Физическая география Тянь- Шаня. А.-А., 1964; Бассейн реки Нарын. Ф., 1970; Койчиев М. Кыргызстандын жаратылышы жөнүндөгү очерктер. Ф., 1975.