ЖОЛ
ЖОЛ – адам, транспорт ж. б. каттоого, жүк ташууга арналган жол катнаштардын жалпы аты. Кыргызда жолду төмөнкүчө бөлөт: кара жол, жалгыз аяк жол, даңгыр жол, кыя жол,
чыйыр жол, төтө жол, аба жолу, суу жолу, темир жол, кан жол ж. б. Топоним катары да Кырг-ндын геогр. аталыштарынын курамында көп кездешет, мис., Жол-Колот, Жол-Жылга, Жол-Сай, Жол-Жакшы, Жол-Коо ж. б.
Ж. тармагы Евразияда б. з. ч. 5-миң жылдыкта пайда болгон. Адегенде Ж. бетине эч нерсе төшөлбөстөн эле жасалган. Ж. салуу курулушу 1747-ж. Парижде инженерлерди даярдоо үчүн жол ж-а көпүрө б-ча улуттук мектеп түзүлгөндөн башталган. 1789-ж. Францияда уз. 40 миң км болгон жол тармагы курула баштаган. Байыркы ж-а о. кылымдарда Алдыңкы ж-а О. Азияны Кытай менен байланыштырган кербен жол Улуу жибек жолу болгон. Байыркы орустарда 8–10-к-да Киевди Крым ж-а Дон м-н байланыштырган соода Ж. пайдаланылган. Россияда Ж. курулушу 1722-ж. Петербург – Москва Ж-унун салынышынан башталган. 20-к-да шаарларда эл көбөйүп, автомобиль Ж. м-н жүргүнчү ж-а жүк ташуу кыйындагандыктан, жер алдындагы рельстүү Ж. (метрополитен) ж-а жер үстүндөгү монорельстүү Ж. курула баштаган. Автомобиль Ж. тармактарын куруу 1950- жылдардын аягында башталып, эки тилкелүү, бурулуштары жайык келген, полотносу жантайыңкы жасалган ылдам жүрүүчү Ж-дор салынган. Айрыкча Японияда Ж. куруу ылдам өнүгүп, эки-үч катар ылдам жүрүүчү Ж-дор көчөлөрдүн
үстүнө курулууда. Кырг-нда Ж. куруу 20-к-дын башынан өнүгө баштаган, мис., 1924-ж. уз.
568 км болгон Арыс – Пишпек жолу салынган. Кийинчерээк Ош – Жалал-Абад – Көк-Жаңгак, Фрунзе – Талас, Фрунзе – Ош ж. б. Ж-дор курулду (к. Автомобиль жолу, Автомагистраль, Темир жол).