ЖОЛДОШЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛДОШЕВА Чолпон Токчороевна (20. 12. 1929-ж. т., Пишпек) – адабиятчы, филология илимд. доктору (1983), КР УИАнын корр. мүчөсү (1984), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1984), проф. (1993). Ломоносов атн.

Москва мамл. ун-тин бүтүр­гөндөн (1952) КМУда окутуу­чу, кафедра башчысы. Оку­муштуунун ад-ттын орчун маселерине арналган мака­лаларында («Русско-киргиз­ские литературные взаимо­связи», «Ч. Айтматов и со­временный литературный процесс», «Взаимобогоще­ние национальных совет­ских литератур и художественный перевод», «Киргизская литература в контексте русской культуры»), ил. эмгектеринде орус-кыргыз ада­бий байланыштары, кыргыз профессионал ад­тынын ж-а адабий процессинин өсүп-өнүгүшүндө орус ад-тынын таасири, бул байланыштарда көр­көм котормонун ролу сыяктуу маселелерди көтөрүп, кеңири талдоого алган. Ж. орус ад-тчы­ларынын, теоретиктеринин эмгектерине таянып, көркөм котормонун сапатын арттыруунун за­рылдыгын далилдеген. 100дөн ашуун ил. эмгек­тин, а. и. 3 монографиянын автору. Данакер ордени (2001) ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Киргизская проза в русских переводах. Ф., 1977; Современная киргизская повесть и проблемы перевода. Ф., 1981.