ЖОЛ КУРУУЧУ МАШИНАЛАР
ЖОЛ КУРУУЧУ МАШИНАЛАР – автомобиль ж-а темир жолдорду курууда ж-а оңдоодо, ошондой эле гидротехникада, граждандык, өнөр жай ж-а аэродром курулуштарында комплекстүү жумуш аткаруучу машиналар. Жол куруучу машиналар бир нече түргө бөлүнөт: алдын ала даярдоо жумуштары үчүн – дарак кулаткычтар, бадал кескичтер, дүмүр чыгаргычтар, таш жыйнагычтар, жумшарткычтар; жер жумуштары үчүн – скреперлер, бульдозерлер; кыртышты ж-а жол таптоо үчүн – жол таптагычтар, дирилдек плиталар, таптагыч машиналар; жолдун негизин түзүү ж-а үстүн каптоо үчүн – битум ж-а цемент ташыгычтар, топурак аралаштыргыч машиналар, бетон аралаштыргычтар; жолду оңдоо ж-а пайдалануу үчүн – автогрейдерлер, бетон талкалагычтар ж-а кар тазалагычтар ж. б.