ЖОЛ ТАНДАБАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ ТАНДАБАС (вездеход) – татаал өткөөл­дөрдөн (жолу жок саздак, кардуу жерлерден) жүрүүгө ылайыкталган, жер кыртышына басы­мы аз болгон транспорт (унаа) каражаты. 20-к­дын башында жарым каз тамандуу ж-а дөң­гөлөк каз тамандуу машиналар жасалган. Ж. т-тын дөңгөлөгү жазы, көлөмү чоң болгондук­тан, сууда сүзүүгө жөндөмдүү. Ж. т. үчүн неги­зинен каз таман же атайын дөңгөлөктөр м-н жабдылган автомобилдин шассиси пайдаланы­лат, ал эми трансмиссияга тартуу күчүн жого­рулатуу үчүн кошумча кыймыл өткөргүч куту же башка механизм орнотулат. Транспорт ка­ражаттарынын бул түрүнө өзгөчө конст-дагы, а. и. аба жаздыкчалуу машиналар кирет.