ЖОЛ ТӨШӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ ТӨШӨГҮЧ – жаңы т. ж. куруу, оңдоо, рельс-шпалдуу решеткаларды орнотуучу ж-а транспорттоочу машиналардын ж-а жабдуулар­дын комплектиси. Ж. т. 20-к-дын 30-жылда­рында колдонула баштаган, т. ж. ж-а каз та­ман м-н жүрөт. Рельс м-н жүргөн Ж. т. жол орнотуучу крандан, т. ж. платформасынан, бир же бир нече мотордуу платформадан турат. Жол орнотуучу крандын өндүрүмдүүлүгү 1200 м/с, жүк көтөрүмдүүлүгү 4,5–21 т, бир звенону коюу убактысы 1–2 мин. Жаңы жолдорду курууда каз тамандуу трактордук Ж. т-төр колдонулат. Анын асты жагы тракторго, арт жагы портал­га таянат. Чет мамлекеттерде рельс м-н жүргөн бир нече жеңил порталдык крандардан турган Ж. т. пайдаланылат.