ЖОЛЧОЛОР
ЖОЛЧОЛОР к о м п ь ю т е р д е – биттер жиберилүүчү ар кандай зым тобу. Компьютер берилиштерди электрондук биттер тобу түрүндө сактайт. Биттер электр импульсу түрүндө компьютер схемаларынын ичиндеги жолчолор аркылуу берилип турат. Алардын айрымдарын зымдар, айрымдарын схемалык такталар же микросхеманын ичине орнотулган өткөргүч зымдар түзөт. Жолчолор биттерди киргизгич түзүлмөдөн эске, эстен борбордук процессорго (БП), борбодук процессордон эске, эстен чыгаргыч же сактагыч түзүлмөлөргө жиберет. Айрым жолчолор сактагыч түзүлмөлөрдүн дареги үчүн, сигналдарды ж-а берилиштерди башкарууда колдонулат. Ж е р г и л и к т ү ү ж о л ч о (л о к а л ж о л ч о) – компьютердик берилиштерди электрондук биттер тобу түрүндө сактоочу ж-а иштетүүчү түзүлмө. Жолчолордун көбү түздөн-түз эс м-н, айрымы тез эсти айланып өтүп, БП м-н бириктирилет. К е ң е й т ү үч ү жолчолор компьютерге жаңы орнотулуучу түзүлмөлөр белгилүү түрдөгү жолдочолор м-н гана иштейт. Мисалы, 16 разряддуу жолчолордун бир учурда 16 өткөргүч зымы болуп, 16 бит, 32 разряддуу жолчолордун бир учурда 32 өткөргүч зымы болуп, 32 бит берилишти бир жерден экинчи жерге жибере алат. Жолчолор аркылуу жиберилүүчү биттердин саны көп болсо, компьютерде берилиштер ошончо тез жиберилип турат.