ЖОМОЛУНГМА
ЖОМОЛУНГМА [Ч о м о л у н г м а, Э в е р е с т, С а г а р м а т х а (Непалдагы аты)] – Жер шарындагы эң бийик тоо массиви, чоку; Гималайда, Непал м-н Кытайдын чегинде. Бийикт. 8848 м (1954-ж. расмий аныкталган). Негизинен кембрийге чейинки гнейс, гранит, 7000 м бийиктиктен жогору мезозойдо пайда болгон кристаллдык акиташ ж-а сланец тектеринен түзүлгөн. Турпаты пирамида сымал, түш. капталы салыштырмалуу тик. Тоо массивинин туш тарабынан 600гө жакын мөңгү түшөт, алардын эң ирилери: Батыш ж-а Чыгыш Ронгбук, Кьетрак, Кхумбу. Ж-нын түш. капталындагы ири мөңгүлөрдүн этеги 5200–5400 мге, түш. капталындагылары – 4500–4700 м бийиктиктерге чейин түшөт. Түш. капталына ж-а пирамиданын кырларына кар ж-а фирн токтобогондуктан, алар жылаңач. 1865-ж. чокуга Индиядагы британиялык топогр. кызматтын жетекчиси – Ж. Эвересттин ысмы ыйгарылган. 1953-ж. 29- майда Ж-га Ж. Хант башкарган англ. экспедициянын мүчөлөрү – альпинисттер Тенсинг (непалдык шерп) м-н Э. Хиллари чыккан. Италиялык альпинист – Р. Месснер дүйнөдө 1-болуп

чокуга жалгыз жеткен (20. 8. 1980). 1953–2006-ж. Ж-га бардыгы болуп 3200дөн ашык альпинист
чыккан (анын 200дөн ашыгы курман болгон).
1982-ж. майда сов. 11 альпинист (экспедициянын жетекчиси Е. И. Тамм) Ж-нын чыгууга мүмкүн эмес деп эсептелген түш.-батыш капталы м-н туу чокуга жеткен.
Ад.: Эверест. 82. М., 1984; Эверест, юго-западная стена. Л., 1984.