ЖОН (Базар-Коргон районун­дагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОН – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нун­дагы кыштак. Бешик-Жон айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 785 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 8 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 25 км. Кыштак 1917-ж. негизделген. Калкы 1394 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар.