ЖОН-АРЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:10, 22 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОН-АРЫК – Талас районундагы кыштак. А. Нур­жанов атындагы айыл округуна караштуу. Талас суу­сунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 110 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 2753 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.