ЖОНУУЧУ СТАНОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОНУУЧУ СТАНО́К , 1) жонуучу кескичтер м-н горизонталдуу, вертикалдуу ж-а жантык бет­терди тегиздөөчү металл кесүүчү станок. Ал туу­расынан ж-а узунунан жонуучу болуп экиге бөлүнөт. Ж. с-тун башкы кыймылы – алды-арт­ка умтулма түз сызыктуу кыймыл. Кыймыл туу­расынан Ж. с-то бекиткичке орнотулган кес­кичке, ал эми узунунан Ж. с-то сом темир орно­тулган столго берилет. Жумушчу жүрүш убагын­да жонуу жүргүзүлүп, куру жүрүштөн соң кес­кич баштапкы абалына келет. Башкы кыймыл­дын ылдамдыгы бардык суу м-н кыймылга келүүчү узунунан ж-а туурасынын Ж. с-то ту­руктуу, ал эми кулиса-кривошиптүү механизм м-н кыймылга келүүчү туурасынан Ж. с-то өз­гөрүп турат (жогорку чегине – кайра нөлгө че­йин). Ар бир куру жүрүштүн акырында берүү кыймылы аткарылат (башкы кыймылдын ба­гытына салыштырмалуу туурасынан). Туурасы­нан Ж. с-то майда ж-а орто сом темирлер, ал эми узунунан Ж. с-то чоң буюм же бир нече ири буюм иштетилет. Куру жүрүштүн айынан Ж. с. массалуу өндүрүшкө чыкпай, анын ордуна фре­залуу, жылмалоочу станоктор колдонулууда. 2) жыгачтын бетин жылмалоо, кооздоо, нерсе­ге так өлчөм берүү ж. у. с. жумуштарды аткаруу­да колдонулуучу айланма бычактары бар жы­гач иштетүүчү станок.