ЖООН-ДӨБӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-ДӨБӨ – Талас обл-нун Кара-Буура р-нун­дагы кыштак. Ак-Чий айыл округуна караш­туу. Тараз – Талас автомобиль жолунун боюн­да, деңиз деңг. 895 м бийикте жайгашкан. Ра-


йондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 3 км түш.-батыш тарапта. Маймак т. ж. бекетинен 13 км. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 2147 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, оорукана, кесиптик-тех. окуу жайы, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү, соода түйүндөрү, поч­та бөлүмү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Кыштакка жакын жерде 5– 12-к-га таандык шаар чалдыбарынын калдыгы сакталган.