ЖОРЖОНЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРЖО́НЕ [өз аты – Жоржо Барбарелли да Кастельфранко (1476, Венето – 1510, Вене­ция)] – итал. живописчи, Венеция мектебинин өкүлү, Улуу Кайра жаралуу доорунун иск-восун негиздегендердин бири. 1505-жылга чейинки чыгармаларында («Бадачылардын сыйынышы», Вашингтон, Улуттук иск-во галереясы; «Мадон­на Ыйык Франциско жана Либералий менен», Кастельфранко собору; «Юдифь», Санкт-Петер­бург, Эрмитаж ж. б.) адам ж-а анын эмгегин даңазалоо көрүнө баштайт. Ж. кийинки чыгар-


Ж орж он е. «Ю д ифь » . 1505-ж. чейин. Эрмитаж. Санкт-Петербург.

маларында («Уйкудагы Венера», Дрезден гале­реясы;«Кыштактагы концерт», Лувр, Па­риж ж. б.) живописти жаңы ыкмалар м-н ба­йытып, жаратыл ыш м-н адамдын ортосун­дагы шайкештик көр­сөтүлгөн. Ж-нин көркөм табылгаларын чыг-лык салттарын окуучусу Тициан өнүктүргөн.


Ад.: Смирнова И. А. Джорджоне да Кастельфранко. М., 1962; Белоусова Н. А. Джорджоне. 2-е изд. М., 1996.