ЖОРОБЕКОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРОБЕКОВА Шарипа (13. 01. 1945-ж. т.,

Фрунзе) – химия илимд. доктору (1988), проф. (1990), КР УИАнын академиги (2000), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2009). КМУну (1966), ошол эле ун-ттин аспиран­т урас ын (1969) бүт үрүп, ошол эле жерде окутуучу, улук окутуучу (1969–72), доцент (1972–78), декан (1992–94). КР УИАнын Хи­мия ж-а хим. технология ин-тунун директору (1994– 2003) болуп иштеген. 2003- жылдан КР УИАнын вице­президенти. 2008-жылдан президенти. Гумин к-тала­рынын негизинде жаңы ион алмаштыруучу ма­териалдарды синтездөө, биоген металлдарынын катышуусу м-н фермент-ингибитордук байла­ныштар ж. б. микробиол. процесстерди изил­дөөсү аны гумус заттарынын химиясы ж-а био­технологиясы ил. багытынын негиздө өчү­лөрүнүн катарына кошкон. Анын 250дөн ашык ил. эмг., а. и. 12 монографиясы, 20 патенти, 5 окуу китеби бар. «Ардак Белгиси» ордени, «Даңк» медалы, «Золотая фортуна» ж-а РФтин Ломоносов атн. эл аралык ордендери м-н сый­ланган. Ал Кыргыз ССРинин Ленин комсомо­лу, Баласагын атн. ж-а «Руханият» ассоциа­циясынын сыйлыктарынын лауреаты.


Эмг.: Макролигандные свойства гуминовых кислот.
Ф., 1986; Иониты и ионитные комплексы металлов на основе гуминовых кислот . Б., 1994; Ионы металлов в фермент-ингибиторных системах. Б., 2000; Тех­нология получения и состав продуктов биоконверсии органического сырья (в соавторстве). Б., 2002; Нанотехнологии в биомедицине ( в соавторстве). Б., 2010.