ЖОРУЛАР
ЖОРУЛАР – ири жырткыч куштар тобу. Аларга а м е р и к а ж-а к а д и м к и Ж. кирет. Булардын түзүлүшү ж-а жашоо шарты окшош. Дене уз. 90–114 см. Башы, мойну жылаңач же түк м-н капталган. Канаты жазы, тарп издеп, кээде өтө бийиктикте бир нече саат бою калкып учууга жөндөмдүү. Буту басып, чуркоого ылайыкталган, көк жору гана жемин буту м-н көтөрүп учат. Көпчүлүгү тарп ж-а таштанды жейт. Аска, жар, дарактарга уялайт. 1 жумуртка тууйт. Африка, Түш. Европа, Борб. ж-а Түш. Азияда 9 урууга бириккен 14 түрү жашайт. КМШ
өлкөлөрүндө 4 уруусунун 5 түрү бар. Ж. табигый санитар катары өтө пайдалуу. Алардын саны азаюуда (айрыкча Европада). Балта жутар ж. б. коргоого муктаж.