ЖОУЛЬ ЗАКОНУ
ЖО́УЛЬ ЗАКОНУ – массасы белгилүү идеалдык газдын ички энергиясы анын көлөмүнө эмес темп-расына гана көз карандылыгы ж-дөгү закон. Ж. з. идеалдык газдын кинетикалык теориясынын көз карашынан келип чыгат: молекулалардын өз ара аракеттенишүүсү болбойт (өз ара аракеттенишүүнүн потенциалдык энергиясы нөлгө барабар), ошондуктан молекулалардын арасындагы аралыктын өзгөрүшү (көлөмдүн өзгөрүшү) ички энергияны өзгөртпөйт. Бул законду англ. физик Ж. П. Жоуль (Джоуль) аныктаган (1834).