ЖОУЛЬ–ЛЕНЦ ЗАКОНУ
ЖО́УЛЬ–ЛЕНЦ ЗАКОНУ – өткөргүч аркылуу электр тогу өткөндө бөлүнүп чыгуучу жылуулук санын (Q) туюнтуучу закон. Ал жылуулук саны ток күчүнүн квадратына, каршылыкка ж-а убакытка түз пропорциялаш: Q=aI2Rt. Пропорциялаштыктын а коэфф-и бирдиктер системасын тандоого байланыштуу болот. Эгерде I ампер м-н өлчөнсө, R – Ом, t – секунда м-н туюнтулат, ал эми а = 0,239 болсо, Q калория м-н, а = 1 болсо, Q джоуль м-н ченелет. Бул законду 1841-ж. англ. физик Ж. П. Жоуль (Джоуль) ачып, 1842-ж. орус физиги Э. Х. Ленц тактаган.