ЖӨНДӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨНДӨГҮЧ (р е г у л я т о р) – автоматтык жөндөө системасынын негизги бөлүгү. Бул түзүлүштө башкаруунун максаты, башкарылуу­чу объектинин учурдагы абалы ж-дөгү маалы­маттардын негизинде башкаруу таасири иште­лип чыгат. Алгачкы Ж. 18-к-да жасалган. Алар Ж. Уайттын борбордон четтөөчү ж-а И. И. Пол­зуновдун калкымалуу Ж-төрү. 20-к-дын орто чендеринде өндүрүштүк теорияларды башкаруу үчүн ар кандай типтеги өндүрүш Ж-төрү курул­ган. Азыр өндүрүштө, микропроцессордук тех­никанын негизинде курулган Ж-төр, ө. ж-да, машина куруу тармактарында электр энергия­сынын негизинде иштөөчү; ал эми жер астында кен казуу өндүрүшүндө өрт, жарылуудан сакта­нуу үчүн суу-аба Ж-төрү колдонулат.