ЖӨНӨКӨЙЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨНӨКӨЙЛӨР (Рrotozoa) – бир клеткалуу жа­ныбарлар тиби. Ж-дүн клеткасы бир бүтүн орга­низмдин кызматын аткарат. Көпчүлүк Ж. өтө кичине болгондуктан, микроскоп м-н гана кө­рүүгө болот. Дене түзүлүшү тоголок, нур сымал симметриялуу (радиоляриялар), эки жактуу сим­метриялуу (инфузориялар), айрымдары симмет­риясыз ж-а формасыз (амёба) болот. Ж. убак­тылуу пайда болуучу жалган буттар (амёба), шапалакчалар (шапалактуулар), көп сандаган кирпикченин (инфузориялар) жардамы м-н


кыймылдайт. Денеси цитоплазмадан ж-а бир же бир нече ядродон турат. Цитоплазмасын­да бардык клеткалардагыдай органоиддер бо­луп, алар өзүнө тиешелүү кызмат аткарат, ан­дан тышкары атайын кызмат аткаруучу орга­ноиддер да кездешет, мис., жалган буттар, ша­палактар, кирпикчелер. Цитоплазма мембрана м-н курчалган, ал эктоплазма ж-а эндоплазма­дан турат. Ж. өз алдынча азыктанууга, жы­лып жүрүүгө, душманынан коргонууга жөн­дөмдүү. Чөйрөнүн ыңгайсыз шартына туш кел­генде, сыртынан чел м-н капталып, цистаны (кыймылсыз, азыктанууга, көбөйүүгө жөн­дөмсүз абалды) пайда кылат. Ж-дүн азыктануу­су фагоцитоз, пиноцитоз, диффузия же осмос басымынын негизинде жүрөт. Буларда азыкта-

Жөнөкөйлөр: 1, 2 – эвгленалар; 3 – амёба; 4, 5 – инфузориялар.

нуунун автотрофтуу ж-а гетеротрофтуу эки түрү белгилүү. Көбөйүүсү жыныссыз (митоз жолу м-н бөлүнүү) ж-а жыныстык (коньюгация, ко­пуляция) жол м-н жүрөт. Керексиз заттар жый­рылткыч вакуолдор аркылуу сыртка бөлүнөт. Ж-дүн 7 тиби (саркомастигафорлор, микроспо­ридиялар, инфузориялар ж. б.), 40 миңдей түрү белгилүү. Ж. биздин планетада кеңири тара­лып, бардык чөйрөдө кездешет. Алардын көп­чүлүгү башка денеде жашоого ыңгайланып, 3 миңге жакын түрү – адам м-н жаныбар мителе­ри. Ж-гө жалган буттуулар, инфузориялар, ша­палактуулар, споралуулар класстары кирет. Кээ бири киши, мал, өсүмдүк ж-а жапайы аң айба­наттарынын мителери, о. эле оору козгогучтар. Ж-дүн кээ бир түрү (амёба, инфузория) ген., биохим., биофиз. изилдөөлөрдө пайдаланылат. Ж-дү изилдөөчү илим – протозоология.