ЖӨӨ АСКЕРЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨӨ АСКЕРЛЕР – согушта душманды талка­лоо, анын аймагын басып алуу ж-а өзүнүн ай­магын коргоо үчүн дайындалган кургактагы ас­кер түрү. Ок атуучу ж. б. курал-жарак колдо­нуп, аскерлердин башка түрү (танктык аскер­лер, артиллерия) м-н бирдикте жөө же күжүрмөн машиналарда согушат. Жөө аскерлер КР армиясынын басымдуу бөлүгүн түзөт.