ЖӨРГӨМҮШ КЫМЫЗДЫГЫ
ЖӨРГӨМҮШ КЫМЫЗДЫГЫ (Poligonum vivi- parum) – өсүмдүктөрдүн кымыздык уруусундагы көп жылдык чөп. Альп шалбааларында, айрыкча суу жээгинде өсүүчү кичинекей өсүмдүк, бийикт. 3–35 см. Сабак тамыры жоон, сүйрү. Бутаксыз, бир сабактуу, жалбырактары жөнөкөй, жээги тегиз. Формасы ланцеттей. Сапсыз, сабакка кезектешип жайгашкан. Топ гүлү – машак. Желекчелери майда, ак, мала кызыл, ар кандай азык заттуу майда пияз түптөрү да болот. Пияз түптөрү даамдуу ж-а жегиликтүү, суурлар жакшы жейт. Ж. к. – тоют, дары өсүмдүк. Элдик медицинада анын тамырын майдалап, жаратты, кесикти, шишикти дарылоодо, ал эми тамыр сабагынын тундурмасы тердетүүчү каражат катары колдонулат. Пияз түбүн, уругун ж-а тамыр сабагын тамакка пайдаланууга болот. Уругу желет.