ЖӨТӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨТӨЛ – дем алуу органдарынын (коко, ке­киртек, бронх, өпкө) ооруларынын негизги бел­гиси. Дем алуу жолунун былжыр челинин сез­генүүсүнөн, какырык же бөтөн нерсе дүүлүк­түргөндө пайда болот. Кээде дем алуу жолу дүү­лүкпөй эле сүйрү мээдеги Ж. борбору козголуп, рефлекстик Ж. пайда болот. Мындай Ж. корк­кондо, уялганда ж. б. байкалат. Ж. кургак (ка­кырыксыз) ж-а какырыктуу болуп бөлүнөт. Ж-дө терең дем алып, бронх же бүт дем алуу булчуңдары чыңалат; үн жылчыгы жабылып, көөдөндүн ички басымы жогорулайт. Үн жыл­чыгы кайра ачыла баштаганда аба күч м-н сырт­ка чыгат да, өзү м-н кошо өпкөдөн какырык же бөтөн нерселерди ала чыгат. Бул дем алуу жо­лун тазалайт ж-а жагымдуу таасир этет. Бирок узакка созулган, бат-бат Ж-үү организмге зы­яндуу. Кээде өтө узакка ж-а катуу Ж-гөндө кө­күрөк ачышып, дем кыстыгат, оорулуунун алы кетип, уйкусу качат, өпкөгө аба толот. Фарин­гитте кулкун ачышып, кычышып, оорулууну кыйнаган кургак Ж. болот. Коко (ларингитте) же кекиртек (трахеит) катары учурунда күркүл­дөп, тынбай жөтөлөт, үн байламталары сезген­генде, кырылдаган Ж., көк жөтөлдө туталак Ж. болот. Ж-дө суткада бөлүнгөн какырыктын өлчөмү ар кандай болуп, кээде бир нече стакан­га жетиши мүмкүн (мис., бронхоэктазда). Аны врач гана дарылайт. Ж-дү жок кылуу же же­ңилдетүү үчүн негизги ооруну (бронхит, өпкөнүн сезгениши ж. б.) дарылоо керек. Какырыктуу Ж-дө какырык начар бөлүнсө, какырык чыга­руучу заттар сунуш кылынат; көкүрөктүн жо­гору жагына горчичник коюу, ар кандай мине­ралдуу суу, бал кошулган ысык сүт берүү, бутка ысык ванна, көкүрөккө компресс жасоо, оңко коюу кургак Ж-дү жеңилдетет ж-а оорусун ба­саңдатат.